Биз социалдык тармакта

Иран аймакта АКШ катышпаган аскердик альянс түзүүгө чакырды

Тегеран аймакта АКШ менен Израилдин катышуусусуз коопсуздукту камсыз кылуу жана аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн мамлекеттердин альянсын түзүү зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу Ирандын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.

"АКШ менен Израилдин катышуусусуз, аймакта коопсуздукту жана аскердик кызматташтыкты камсыз кылуу үчүн мамлекеттердин альянсын түзүүгө убакыт келди. Өз коопсуздугун камсыз кылуу үчүн миңдеген чакырым алыстыкта ​​​​жайгашкан мамлекеттин кереги жок",- деп айтылат анда.

Башкы штаб Иран аймактагы өлкөлөргө "Израилдин коопсуздугун жана кызыкчылыктарын баарынан жогору койгон мамлекеттин кереги жок" деп эсептей турганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан