АКШ 200 миллиард долларга Айга туруктуу база курууну пландоодо
АКШнын космостук агенттиги НАСА Айда туруктуу база түзүү боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу аталган агенттиктин башчысы Жаред Айзекман билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматка ылайык, агенттик Айды өздөштүрүү стратегиясын өзгөртүп, багытын орбиталык станцияга эмес, Айга туруктуу база курууга бурат. Долбоордун бюджети болжол менен 200 миллиард долларды түзүп, аны ишке ашыруу мөөнөтү жети жылга жакын деп бааланууда.
Жаред Айзекмандын айтымында, мындай долбоор адамзаттын Айда узак мөөнөттүү жашоосун камсыз кылып, келечекте Марс планетасына учууларга даярдык көрүү максатын көздөйт.
Мындай туруктуу базаны ишке ашыруу үчүн алгач Айга транспорт жеткирилип, энергетикалык, илимий жана байланыш инфраструктурасы түзүлөт. Андан соң жердегидей жашоо шарттарына окшош инфраструктура жана логистика системи пайда болот.