АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча макулдашууга жетишүү үчүн Орусиянын лидери Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жеке жолугушуусун каалай турганын билдирди. Бул тууралуу Трамп Ак үйдөгү иш-чарада сүйлөп жатып айткан.
"Мен президент Путин менен президент Зеленскийдин жеке жолугушуусун жана бир чечиме келишин каалайт элем",- деген Трамп.
Ошондой эле АКШнын лидери жакын арада эки тараптуу сүйлөшүү болорун кошумчалай кеткен.
Белгилей кетсек, буга чейин Зеленский АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу Украинага таасир берип жатканын айткан болчу.