Биз социалдык тармакта

Израилде Ирандын соккуларынан 5 миңден ашык адам жаракат алды 

Израилде 28-февралдан бери Ирандын соккуларынан 5045 адам жаракат алды. Анын ичинен 204ү акыркы 24 саат аралыгында катталган.

Израилдин Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда 120 адам ооруканада дарыланууда, алардын ичинен 12си оор абалда. Дагы 27 жарандын абалы орто оордукта деп бааланууда.

Министрлик жабыркагандардын диагноздору тууралуу кеңири маалымат берген эмес. "Алардын айрымдары Иран же Ливан тараптан болгон түз ракеталык соккулардын натыйжасында эмес, баш калкалоочу жай табууга аракет кылган адамдар тарабынан жабыркаган болушу да мүмкүн",- деп жазышты басылмалар.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга кол салып, буга жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урууда. Жаңжалдын алгачкы жумасында аба соккусунан Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болгон. Ушул күндөргө чейин уланган чабуулдардын кесепетинен миңдеген имараттар талкаланып, жүздөгөн адамдар каза болду.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан