Филиппиндин президенти Фердинанд Маркос өлкөдө күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам энергетика тармагында өзгөчө кырдаал жарыялады.
Эл аралык басылмалар энергетикалык кризис Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам мунайдын баасынын кескин көтөрүлүшү менен байланыштуу экенин жазышты.
Reuters жазгандай, тийиштүү жарлык бир жылга чейин күчүндө болот. Документке ылайык, Жакынкы Чыгыштагы жаңжал дүйнөлүк энергетикалык рыноктордо белгисиздикти жана "отун" жеткирүүдө үзгүлтүктөрдү жаратты.
Буга удаа Филиппинде күйүүчү май, азык-түлүк, дары-дармек, айыл чарба азыктары жана башка керектүү товарларды бөлүштүрүү боюнча атайын комитет түзүлдү.
Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, өлкө мунайдын дээрлик бардыгын Жакынкы Чыгыштан импорттойт.
Филиппиндин энергетика министрлигинин эсеби боюнча, күйүүчү майдын кору болжол менен 45 күнгө жетет. Өкмөт мунайдын запастарын түзүү үчүн башка өлкөлөрдөн 1 миллион баррель мунай сатып алуунун үстүндө иштеп жатат. "Бийлик күйүүчү майды Орусиядан сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр",- деген Маркос.
Президент күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам жарандык авиациянын каттамдарын токтотууга уруксат берди.
Айта кетсек, 28-февралда АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскерий операциясы башталгандан кийин Перс булуңундагы өлкөлөрдөн мунай жана суюлтулган газдарды ташуунун негизги жолу болгон Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташууга чектөө киргизилген.