Кытайлык оюнчук чыгаруучу Pop Mart International Group Ltd. компаниясы 2025-жылы кирешесин 2,8 эседен ашык, ал эми таза кирешесин 4 эседен ашык көбөйттү. Бирок анын акциялары каржылык жыйынтыктары жарыялангандан кийин кескин төмөндөдү.
Компаниянын жарыясына ылайык, анын өткөн жылдагы кирешеси 37,12 миллиард юань (5,38 миллиард доллар) түзгөн. Бул бир жыл мурунку көрсөткүчтөн (13,04 миллиард юань) кыйла жогору.
Таза кирешеси 2024-жылдагы 3,13 миллиард юаньдан 12,78 миллиард юаньга чейин өскөн.
Отчёттук мезгилде Pop Mart компаниясынын кирешесинин олуттуу бөлүгү өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча чоң популярдуулукка ээ болгон тиштүү коёндорго окшош Labubu мифтик жандыктарын камтыган Monsters коллекциялык оюнчук линиясынан түшкөн. Сериянын сатылышы 14,16 миллиард юань же компаниянын кирешесинин болжол менен 38 пайызын түзгөн.
Бир гана коллекцияга таянуу инвесторлордун көңүлүн калтырды, алар Labubu'гп болгон кызыгуунун төмөндөшү компаниянын каржылык абалына олуттуу терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп кооптонушат.
Шаршемби күнү Гонконгдогу соодада Pop Mart International'дын акциялары 21,5 пайызга төмөндөдү. Жыл башынан бери жалпы 9 пайыздан ашык төмөндөдү.