Биз социалдык тармакта

ЦАХАЛ Ливандагы “Хезболланын” объекттерине сокку урганын билдирди

Израилдин армиясы Ливандын аймагындагы “Хезболла” кыймылына таандык бир катар аскердик объекттерге сокку урганын маалымдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Аскердик маалыматка ылайык, түн ичинде Израилдин күчтөрү Ливандын түштүгүндө жайгашкан бутага алынган объекттерди, анын ичинде Дахия районундагы командалык борборду аткылаган. Ошондой эле “Хезболла” көзөмөлдөгөн “Аль-Амана” компаниясына тиешелүү бир нече май куюучу жайлар да соккуга алынган.

Белгиленгендей, Израил менен “Хезболланын” ортосундагы чыңалуу 2-мартка караган түнү күчөгөн. Анда ливандык кыймыл Израилдин аймагына кайрадан ракеталык чабуулдарды баштаган. Жооп иретинде Израил Ливандын түштүк аймактарына, Бекаа өрөөнүнө жана Бейруттун чет жактарына масштабдуу соккуларды жасады.

16-мартта Израил армиясы Ливандын түштүгүндө кургактагы аскердик операция башталганын расмий жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан