Биз социалдык тармакта

Орусия Украина боюнча сүйлөшүүгө ачык экенин билдирди 

Орусия Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча үч тараптуу сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге жооп берип жатып айткан.

"Бир келишимге келүүгө жакындап баратабызбы же жокпу дегенге келсек, сүйлөшүүлөрдүн ар бири чындап чечим табууга болгон кадам. Ал эми биз үчүн биринчи кезекте биздин кызыкчылыктар. Биз сүйлөшүүлөргө ачыкпыз жана даярбыз",- деген ал.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жеке жолугушуусун каалай турганын билдирген болчу.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан