Кувейт өлкөсүндө жаңы үйлөнгөн жубайлар болгону үч мүнөттөн кийин ажырашып, өлкөдө эң кыска нике катары рекорд коюшту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, нике күбөлүгүн алгандан кийин жаш жубайлар залдан чыгып бара жатканда келин жыгылып кете жаздаган. Ошол учурда жолдошу ага жардам берүүнүн ордуна "келесоо" деп атаган.
Бул сөзгө нааразы болгон кыз дароо никени жокко чыгарууну талап кылып, ажырашууга арыз жазган.
Окуя социалдык тармактарда кеңири талкууга алынып, көпчүлүк колдонуучулар келиндин чечимин колдошкон. "Эгер күйөөсү башынан эле ушундай мамиле кылса, андан көрө дароо ажырашканы туура" деп комментарий калтырышкан.