Биз социалдык тармакта

БУУ: Ирандын айланасындагы жаңжал жаңы глобалдык кризистерге алып келиши мүмкүн

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк Жакынкы Чыгыштагы жаңжал кооптуу деңгээлге жетип, жаңы улуттук, регионалдык жана глобалдык кризистерди жаратышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, бул жаңжалдын масштабы буга чейин болуп көрбөгөндөй болуп, дүйнөнүн башка өлкөлөрүн да тартуу коркунучу бар. Ал БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги шашылыш жыйында сүйлөп жатып, "кырдаал өтө кооптуу жана алдын ала божомолдоого кыйын” экенин белгиледи.

Тюрк жарандык инфраструктурага сокку уруу кабыл алынгыс экенин айтып, бул эл аралык гуманитардык укукту бузуу болуп саналарын кошумчалады. Ошондой эле ал өзгөчө өзөктүк объекттерге жасалган чабуулдарды “көзөмөлдөй албаган апаат менен ойноо” деп мүнөздөдү.

Жогорку комиссар жаңжалды мүмкүн болушунча тез арада токтотууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан