Биз социалдык тармакта

Израил Иранга 15 миңден ашуун снаряд таштаганын билдирди

Израилдин коргоо министри Исраэль Кац билдиргендей, жаңжал башталгандан бери Израил армиясы Иран аймагына 15 миңден ашуун снаряд таштаган. Анын айтымында, бул көрсөткүч мурдагы операцияларга салыштырмалуу төрт эсе көп.

Чет элдик басылмалар жазышкандай, 28-февралдан тарта АКШ жана Израил Ирандагы бир катар объекттерге, анын ичинде борбору Тегеран шаарына сокку урган. Натыйжада кыйроолор болуп, жай тургундар арасында каза болгондор бар.

Өз кезегинде Иран Израилдин аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объекттерине жооп иретинде сокку урууда.

Эске салсак, 2025-жылдын июнь айында Израил кезектеги операциясын жүргүзүп, ал 12 күнгө созулуп, кийин тараптар ок атышууну токтотууга макул болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан