Биз социалдык тармакта

Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеинин абалы айтылды 

Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеинин ден соолугу тууралуу маалымат айтылды. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багайи жергиликтүү телеканалдарга билдирген.

"Жогорку лидердин ден соолугу жакшы. Биздин мамлекеттик системанын натыйжалуу иштеп жатканы бизди кубандырат. Биздин куралдуу күчтөр Ирандын коргонуу пландарына ылайык аракеттенүүдө. Эң негизгиси, элибиз бул жапайы баскынчылыкка каршы бирдиктүү", - деген ал.

Буга чейин чет элдик басылмалар Ирандын жогорку лидери жаракат алгандан кийин жашыруун түрдө Москвага дарыланууга кеткенин жазышкан. Ал АКШ жана Израилдин Иранга каршы аскердик аракеттеринин биринчи күнү 28-февралда жаракат алганы айтылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан