Австралияда жарактуу туристтик визасы бар Иран жарандарына алты айга өлкөгө кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ички иштер министри Тони Берк маалымдаганын The Guardian басылмасы жазды.
Бийлик мындай чечимди кээ бир туристтер Австралияда уруксат берилгенден көп убакыт калышы мүмкүн деген кооптонуу болгону үчүн кабыл алган.
Министрдин айтымында, чектөөлөр өлкөдөн тышкары туристтик виза алгандарга гана тиешелүү. Ал кошумчалагандай, өкмөт дүйнөлүк кырдаалга көз салууда, керек учурда чараларды жөнгө салат.