Түрк сериалдарындагы эң популярдуу актрисалардын бири Ханде Эрчел Стамбул шаардык прокуратурасынын аны камакка алуу буйругу боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу актриса айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, учурда ал окуусуна байланыштуу бир айга жакын убакыттан бери чет өлкөдө.
"Өлкөмө барып бул иш тууралуу көрсөтмө берүүгө даярмын. Мен өз өлкөмдү сүйгөн, мыйзамдарына баш ийген адаммын. Кырдаал мүмкүн болушунча тез арада адилеттүүлүккө жетет деп ишенем", - деп билдирүү калтырган ал.
Белгилей кетсек, буга чейин Түркияда баңгизатка каршы операциянын алкагында Стамбул шаардык прокуратурасы атактуу 16 адамды камакка алуу үчүн ордер чыгарган. Алардын катарында Ханде Эрчел да болгон.