Биз социалдык тармакта

Иран Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кайрылды

Иран Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюске кат жолдоп, АКШ менен Израилдин өлкөнүн саламаттыкты сактоо мекемелерине чабуулун улантып жатканын билдирди.

Бул тууралуу Ирандын БУУдагы өкүлү Али Бахрейни билдиргенин "Эркин Иран" Телеграм каналы жарыялады.

Андагы маалыматка ылайык, АКШ менен Израилдин соккусунан 21 медицина кызматкери курман болуп, 7 оорукана толук жарактан чыккан. 49 медициналык борбор зыянга учурап, 81 миң жарандык объект талкаланган.

Бахрейн мындай аракеттер Ирандын тынчтык максаттагы өзөктүк объектилерине коркунуч туудурарын белгилеп, Тегерандагы мунай сактоочу жайларга атайылап сокку урулганына көңүл бурду. Айтымында, бул коомдук ден соолук жана айлана-чөйрө үчүн узак мөөнөттүү олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Ал ошондой эле мындай аракеттер эл аралык жана гуманитардык укукту одоно бузуу болуп саналарын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан