Биз социалдык тармакта

Адис: "Европада күйүүчү май тартыштыгы күтүлүүдө"

Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаалдан улам Европа жакын арада күйүүчү май тартыштыгына кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу Shell компаниясынын башчысы Ваэль Саван билдиргендигин чет элдик басылмалар жазды.

Анын айтымында, кырдаал алгач Түштүк Азияда байкалып, андан кийин Түштүк-Чыгыш жана Түндүк-Чыгыш Азияга жайылган. Эми апрель айына жакындаган сайын таасири Европага да күчөп жетиши күтүлүүдө.

Адистер белгилегендей, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам Ормуз кысыгы аркылуу мунай жана газ жеткирүүлөрү татаалдашып, дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын баасы өсүүдө.

Маалыматка ылайык, кризис буга чейин авиациялык күйүүчү майга таасирин тийгизип, анын баасы дээрлик эки эсеге жогорулады. Кийинки кезекте дизель отуну, андан соң бензин кымбатташы мүмкүн.

Эксперттердин баамында, АКШ жана Европада жайкы сапарлар сезону башталганда күйүүчү майга болгон суроо-талап дагы өсүп, бул кырдаалды мындан ары курчутушу ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан