Киев шаарында аба чабуулу коркунучу жарыяланды. Бул тууралуу Украинанын санариптик трансформация министрлигинин онлайн картасына таянып украин басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, коңгуроо Бишкек убактысы боюнча саат 20:49да ишке кирген.
Мындан тышкары, аба коркунучу Киев облусу, Житомир облусу, Чернигов облусу, Сумы облусу, Полтава облусу, Черкассы облусу, Винница облусу, Кировоград облусу, Харьков облусу, Днепропетровск облусу жана Николаев облусу аймактарында да жарыяланды.
Жергиликтүү бийлик тургундарды коопсуз жайларга жашынууга жана расмий маалыматтарды гана эске алууга чакырууда.