Биз социалдык тармакта

Иран Харк аралындагы коргонууну күчөтүп жатканы айтылды 

Иран АКШнын кургактагы операциясынан коргонуу үчүн Харк аралындагы аскерлеринин санын көбөйтүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

CNN телеканалы америкалык чалгын кызматтарына таянып билдиргендей, Иран мүмкүн болгон АКШнын кургактагы операциясына даярданып, аралдагы аскерлердин санын көбөйтүп, кошумча абадан коргонуу системдерин жайгаштырууда.

Мындан тышкары, Иран бийлиги Харк аралынын жээк тилкелерине жөө аскерлерге каршы жана танкка каршы миналарды орноткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан