Биз социалдык тармакта

Трамптын Кытайга болчу расмий сапарынын датасы айтылды

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайга расмий сапар менен 14-15-майда барат. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт брифингде билдирген.

"Президент Трамптын Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен көптөн күткөн жолугушуусу 14-15-майда Пекинде болот",- деген ал.

Анын айтымында, ушул жылдын аягында Дональд Трамп менен биринчи айым Мелания Трамп Кытайдын лидери Си Цзиньпинди жубайы менен Вашингтонго кабыл алат.

Айта кетсек, буга чейин АКШ президентинин Кытайга сапары 31-марттан 2-апрелге чейин деп пландалган. 15-мартта Трамп "Financial Times" гезитине берген маегинде анын Кытайга сапары кийинкиге жылдырылышы мүмкүн экенин айткан.

Левитт белгилегендей, расмий сапар Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу жылдырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан