АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн мурдагы атаандашы, АКШнын экс-лидери Жо Байденге пародия жасап, аны шылдыңга алды. Бул тууралуу Трамп 25-мартта республикачылар менен жолугушууда сүйлөп жатып айткан.
"Байден сахнадан түшө албай калган. Тепкичти таба алган эмес. Элге тепкичти таба алган президент керек",- деген АКШнын лидери.
Ошондой эле Трамп буга чейин Байден эл алдында бир нече жолу адашкан учурларды эске салып, анын кыймыл аракеттерин туурап берген.