АКШ менен Иран Жакынкы Чыгыштагы аскердик жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда. Бул тууралуу АКШ лидери Дональд Трамп Республикалык партиянын Өкүлдөр палатасы уюштурган иш-чарада билдирди.
Ал билдиргендей, Тегеран Вашингтон менен келишим түзүүгө умтулууда.
"Алар сүйлөшүүлөргө катышып, чындап эле келишим түзүүнү каалап жатышат, бирок айтуудан коркуп жатышат",- деген ал.
Эскерте кетсек, 23-мартта Трамп Иран менен сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өткөнүн жарыялаган. Буга удаа АКШ бул өлкө менен куралдуу кагылышты токтотуу үчүн 15 пункттан турган планды Иранга ортомчулар аркылуу бергени маалымдалган. Бирок анда эмнелер тууралуу жазылганы ачыкталган эмес.
Көп өтпөй Иран АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан айтылган сүйлөшүүлөр тууралуу билдирүүгө кескин жооп берген.