Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Жакынкы Чыгыштагы кырдаал көзөмөлдөн чыгып, согуштук аракеттер чектен чыгып кеткенин билдирди.
Айтымында, дүйнө азыр чоң жаңжалдын босогосунда турат.
"Жаңжал лидерлердин оюна келбеген чектен чыгып кетти. Эскалацияны токтотууга убакыт жетти",- деген Гутерриш.
БУУнун баш катчысы жаңжалдашкан тараптар Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүүсү зарылдыгын белгиледи. Ал АКШ менен Израилди согушту токтотууга, ал эми Иранды аймактагы коңшу мамлекеттерге кол салуудан алыс болууга чакырды.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга кол салып, буга жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урууда. Жаңжалдын алгачкы жумасында аба соккусунан Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болгон. Ушул күндөргө чейин уланган чабуулдардын кесепетинен миңдеген имараттар талкаланып, жүздөгөн адамдар каза болду.