Биз социалдык тармакта

АКШнын биринчи айымы катышкан жыйынды робот ачты (видео)

АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп катышкан дүйнөлүк деңгээлдеги маанилүү жыйынды адамга окшош робот ачты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеолорун жарыялашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара кечээ, 25-мартта Ак үйдө өткөн. Анда Мелания Трамп кызыл килемден Figure Three аттуу робот менен чогуу өткөн. Жыйында робот сөз сүйлөп, биринчи айымга ыраазычылык билдирип өткөн.

"Мени Ак үйгө чакырганы үчүн биринчи айым Мелания Трампка ыраазычылык билдирем. Бул иш-чарага катышуу мен үчүн чоң сыймык. Балдарга технология жана билим берүү тармагында мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган бул тарыхый кыймылдын бир бөлүгү болгонума кубанычтамын",- деп сүйлөгөн робот.

Бул жыйын АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан кол коюлган, америкалык жаштар арасында жасалма интеллект боюнча билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган жарлыкка ылайык уюштурулган.

АКШнын биринчи айымы катышкан жыйынды робот ачты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан