Бангладештин борборунда жүргүнчү ташыган автобус Падма дарыясына кулап кетип, кеминде 18 адам каза болду. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.
The Daily Star маалымдагандай, жүргүнчүлөрдү ташыган автобус паромго түшүүнү күтүп, понтондо турган учурда дарыяга кулап түшкөн. Анда 40ка жакын адам болгон. Он бир жүргүнчү жээкке өз алдынча чыгууга жетишкен.
Куткаруучулар автобусту 6 сааттан кийин дарыянын түбүнөн алып чыгышкан. Кырсыктан кеминде 18 адамдын сөөгү табылды. Дагы бир нече жүргүнчү дайынсыз болууда.