Биз социалдык тармакта

Казакстанда дрон кулады. Полиция эмне дейт?

Батыш Казакстан облусундагы айылдардын бирине жакын аймактан белгисиз учкучсуз учуучу аппараттын (дрондун) сыныктары табылганы тууралуу маалымат мессенжерлерде кеңири тарады. Бул маалыматты облустук полиция департаменти тастыктап, окуя боюнча текшерүү иштери башталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, табылган объект Акжайык районунун аймагында катталган. Полициянын билдирүүсүндө айтылгандай, табылган нерселер сырткы көрүнүшү боюнча учкучсуз учуучу аппараттын бөлүктөрүнө окшош. Ошондой эле объект калктуу конуштардан алыс аймактан табылганы белгиленди.

Учурда адистер окуянын бардык жагдайларын тактоо иштерин жүргүзүп жатышат. Расмий органдар табылган сыныктардын кайдан жана кандай шартта келип түшкөнүн аныктоого аракет кылышууда.

Белгилей кетсек, Батыш Казакстан облусунда буга чейин да ушундай учурлар катталган. 2025-жылдын март айында Жанибек районунан белгисиз учкучсуз учуучу аппараттын сыныктары табылган. Анда да укук коргоо органдары тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле 2025-жылдын октябрь айында Бурлин районунда да дронго окшош сыныктар табылганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан