Биз социалдык тармакта

Лукашенко менен Ким Чен Ын Пхеньянда жолугушту

Беларус президенти Александр Лукашенко менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Пхеньянда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын жыйынтыгында лидерлер эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташтык келишимине кол коюшту.

Бул тууралуу "Пул Первого" телеграм каналында жарыяланды.

Мындан тышкары, тараптар онго жакын ар кандай меморандумдарды жана келишимдерди түзүштү. Атап айтканда, илимий-техникалык, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, маалымат, дене тарбия жана спорт тармактарында, ошондой эле Беларустун Соода-өнөр жай палатасы жана Беларустун Тышкы иштер министрлиги аркылуу өз ара кызматташуу боюнча документтерге кол коюлду.

Лукашенко анда КЭДР менен Беларустун ортосундагы үлгүлүү мамилелерди куруунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул максатка жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирген.

Беларустун лидери Түндүк Кореяга 25-мартта расмий сапар менен барган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан