АКШнын Иранга каршы аскердик соккуларына америкалыктардын басымдуу бөлүгү каршы экендиктерин билдиришкен. Мындай сурамжылоону Pew Research Center АКШдагы көз карандысыз изилдөө борбору жүргүзгөн.
Андагы маалыматка ылайык, изилдөөнүн натыйжасында добуш берүүгө катышкан калктын 60 пайыздан ашыгы АКШнын аракеттерин колдогон эмес. Алардын ичинен 44 пайызы кескин каршы, ал эми 17 пайызы жарым-жартылай каршы экенин билдиришкен.
Мындан тышкары сурамжылоого катышкандардын 59 пайызы АКШнын Иранга каршы аскердик күч колдонуу чечими туура эмес болгонун белгилеп өтүшкөн. Мындай изилдөө 16–22-март күндөрү болуп, ага 18 жаштан жогорку жашагы америкалыктар катышкан.
Буга чейин айрым чет элдик каражаттар акыркы кырдаалга байланыштуу АКШда азык-түлүктүн баасы өсүп, калктын жашоосуна олуттуу таасир тийгизе баштаганын жазган.