Биз социалдык тармакта

Германияда жээкке чыгып калган 15 метрлик китти куткарууга аракет жасалууда (видео)

Германиядагы Балтика деңизинин жээгине чыгып калган китти куткаруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеолорду жарыялашты.

Маалыматка ылайык, аталган киттин узундугу 15 метрге жетет. Жээкке тыгылып калган китти куткаруу иштери 23-марттан бери уланууда. Куткаруучулар жаныбар кайра терең сууга сүзүп кетиши үчүн 50 метрлик канал казып жатышат.

Ал эми адистер китти сактап калуу мүмкүнчүлүгү төмөн экенин айтышууда. Себеби кит күчүн жоготуп, үн дагы чыгарбай калган. Бирок азыркы тапта куткаруучулар китти сактап калуу аракетин көрүшүүдө.

Учурда киттин кандай себептер менен жээкке чыкканы тууралуу так маалымат жок. Бирок адистер азык издеп чыкканын болжолдошкон.

Германияда жээкке чыгып калган китти куткаруу иштери 3 күндөн бери уланууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан