Биз социалдык тармакта

Трамп Өзбекстандын президентин Тынчтык кеңешинин жыйынына жана G20 саммитине чакырды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШнын президенти Дональд Трамптан Майамидеги Тынчтык кеңешинин кезектеги жыйынына жана G20 саммитине катышууга чакырган кат алды. Бул тууралуу Өзбек лидеринин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

"Америкалык лидер өзүнүн кайрылуусунда мамлекет башчыбыздын ушул жылдын февраль айында Тынчтык кеңешинин алгачкы жыйынына катышуусун жогору баалады",- деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.

Анын айтымында, Трамп катта Мирзиёевдин жетекчилиги астында жүргүзүлгөн реформалардын таасирдүү натыйжаларын белгилеген. Ал Өзбекстандын президентин декабрь айында Майамиде өтө турган Тынчтык кеңешинин кезектеги жыйынына жана G20 саммитине катышууга чакырган.

2026-жылдын январында Мирзиёев Давостогу Тынчтык кеңешинин уставына кол койгон. Ал эми 19-февралда Вашингтондогу биринчи инаугурациялык саммитке катышып, сөз сүйлөгөн.

Тынчтык кеңешин түзүү Трамптын Газа тилкесиндеги жаңжалды токтотуу боюнча сунушталган планынын бир бөлүгү. Анын түзүлүшү 2026-жылдын январь айында жарыяланган. Тынчтык кеңешинин инаугурация аземи 22-январда Швейцариянын Давос шаарында Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан