АКШнын президенти Дональд Трамп алдыдагы апталарда Иранга каршы аскердик операцияны токтотууну күтөт. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы булактарына таянып жазды.
Булактардын маалыматы боюнча, Трамп акыркы күндөрү кеңешчилерине Ирандагы узакка созулган согушту токтотууну көздөп жатканын айткан. Ал ошондой эле жаңжал акыркы баскычта деген пикирин билдирген.
WSJ билдиргендей, Ак үй кырдаал Трамптын май айынын ортосунда Бээжинге пландаштырылган сапарына чейин чечилет деп үмүттөнөт.
Трамп мурда АКШ менен Иран сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген. Axios басылмасы Вашингтон Тегеранга согуштук аракеттерди токтотуу боюнча 15 пункттан турган сунуш жөнөткөнүн маалымдаган. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран Вашингтон билдирген сунуштарды карап жатканын, бирок диалог жөнүндө сөз болбогонун айткан.