Биз социалдык тармакта

Рамзан Кадыровдун 18 жаштагы уулу жол кырсыгынан кийин майор болуп калдыбы?

Чеченстан лидери Рамзан Кадыровдун уулу Адам Кадыров жол кырсыгына кабылгандан кийин биринчи жолу коомчулукка чыгып, өзү жетектеген Чеченстандын Коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

Видеодо анын погондорунда майор наамына туура келген жылдыздар бар экени көрүнүп турат. Адам Кадыров болгону 18 жашта.

Эске салсак, 16-январда Чеченстандын лидеринин уулу жол кырсыгына кабылганы кабарланган. Ал Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ан-148-100-EM учагы менен Чеченстандан Москвага жеткирилгени да айтылган.

Чеченстан бийлиги муну жалган маалымат деп билдирген.

18 жаштагы Адам Кадыров Чеченстандын коопсуздук кеңешинин катчысы. 2025-жылдын апрель айында ал Чеченстандын Ички иштер министрлигинин куратору болуп дайындалган.

Рамзан Кадыровдун 18 жаштагы уулу жол кырсыгынан кийин майор болуп калдыбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан