АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы операцияда НАТО тараптан эч кандай колдоо болбогонун билдирди. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Анда ал НАТОнун бул кадамын АКШ эч качан унутпай турганын баса белгелеп өткөн.
"НАТО өлкөлөрү тараптан эч кандай жардам болгон жок. АКШга НАТОдон эч нерсе керек эмес. Бирок бул өтө маанилүү учурду эч качан унутпайбыз", - деген АКШнын лидери.