Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиевдин Жогорку Кеңештеги иш бөлмөсү депутат Курмантай Абдиевге берилет  

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин парламенттеги иш бөлмөсү депутат Курмантай Абдиевге берилет. Мындай чечим “Ата Журт” фракциясынын 24-январдагы жыйынында кабыл алынды. Фракция лидери Мыктыбек Абдылдаев: “Фракциядагы эң улуу депутат Курмантай Абдиевич, иш бөлмөнү ушул кишиге берели”,- деди.

Айта кетсек, буга чейин ал иш бөлмөдө Камчыбек Ташиевдин ордуна депутат болуп келген Бакыт Шаршеев иштеп келген. Ал эми Ташиевдин кызматтык унаасына таандык номур Бакыт Шаршеевдин унаасында калмай болду. “Мен 2 жыл мурунку номур менен эле жүрө берем, кеп номурда деле эмес”,- деди фракция лидери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан