Нью-Йорк шаарындагы федералдык соттун имаратынын алдында Венесуэланын президенти Николас Мадуро боюнча өтүп жаткан ишке байланыштуу чоң кезек пайда болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, экинчи сот отурумуна катышуу үчүн журналисттер, жөнөкөй жарандар жана Мадурону колдогон акциянын катышуучулары эртең менен эрте келип чогулушкан. Саат 07:00гө карата сот имаратынын алдында жана айланасында 200гө жакын адам топтолгон.
Сот процесси АКШнын Нью-Йорк штатынын Түштүк округдук федералдык сотунда өтөт. Отурумду сот Элвин Хеллерстайн жетектейт. Сот жыйыны жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дө башталары белгиленген.
Күбөлөрдүн айтымында, соттун алдында кезек күтүп турган адамдарга акча төлөп, алардын ордуна кезек күтүү кызматын сунуштагандар да пайда болгон. Алар бир саат кезек күтүүнүн баасы 50 доллар экенин айтышкан.
Бул ишке байланыштуу соттун алдында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, журналисттер менен жарандардын агымы дагы эле уланууда.