Ирандын армиясы Израилдин Хайфа шаарындагы бир катар маанилүү объектилерге чабуул жасалганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, соккулар учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор) аркылуу жасалып, “стратегиялык мааниге ээ” делген объектилер бутага алынган. Алардын ичинде Израилдин аскер-деңиз флоту менен байланышкан кеме куруучу жай жана аскердик авиация үчүн күйүүчү май сакталган резервуарлар бар экени айтылды.
Иран тарап бул аракеттерди мурдагы чабуулдарга жооп катары жасалганын белгиледи.
Өз кезегинде Израилдин коргоо армиясы Тегерандагы деңиз канаттуу ракеталарын өндүргөн эки объектке аба соккулары жасалганын маалымдаган.
Аймакта кырдаал курч бойдон калууда.