Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Иран аймагындагы чыңалууну талкуулап жатып, Жакынкы Чыгыш региону акыркы жүз жыл ичиндеги эң оор күндөрүн баштан кечирип жатканын жана чоң кырсыкка жакындап жатканын билдирди. Бул тууралуу түрк басылмалары жазган.
Түркия лидеринин айтымында, Иран менен байланыштуу конфликт чыңалууну күчөтүп, бейкүнөө адамдардын өлүмү сыяктуу оор гуманитардык кесепеттерге алып келүүдө.