Ирактын нефть өндүрүшүн кайра жандандыруу узак убакыт жана чоң инвестицияларды талап кылат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министринин кеңешчиси билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, учурдагы геосаясий абал жана энергетикалык базанын бузулгандыгы эл аралык рынокто нефть менен газ жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашына алып келүүдө, ошондуктан өндүрүштү калыбына келтирүү бир нече этапта жана ири финансылык каражаттарды тартуу менен гана ишке ашат.
Эксперттер бул кырдаалдын дүйнөлүк энергия базарындагы бааларга таасирин тийгизип жатканын, айрыкча акыркы мезгилде нефть бааларынын кайра көтөрүлүп жатканын белгилешүүдө – бул Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун глобалдык камсыздоого түздөн-түз таасири менен байланыштуу.