Биз социалдык тармакта

АКШ Ирандын мунай ресурстарын өз көзөмөлүнө алуусу мүмкүн

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын мунай ресурстарын өз көзөмөлгө өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок. Анын айтымында, мындай кадам варианттардын бири катары каралууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Бул билдирүү Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуп турган учурда айтылды. 28-февралдан тарта АКШ жана Израиль Иран аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Өз кезегинде Тегеран Израилдин аймагына жана аймактагы АКШнын аскердик объектилерине жооп соккуларын жасоодо.

Аймактагы чыңалуу Ормуз кысыгынын иш жүзүндө жабылышына алып келип, дүйнөлүк рынокко мунай жана суюлтулган газ жеткирүүгө олуттуу таасирин тийгизди. Мындан тышкары, бул жагдай аймактагы өлкөлөрдүн мунай өндүрүүсү менен экспортунун көлөмүнө да таасир этүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан