Биз социалдык тармакта

Уганда Израилди колдоого даяр экенин билдирди

Уганданын Элдик коргонуу күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал Мухоози Кайнеругаба Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасап, өлкөсү Израилди колдоого даяр экенин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ал согуштун тез арада токтошун каалаарын белгилеп, дүйнө коомчулугу бул жаңжалдан чарчаганын билдирди. Ошол эле учурда эгер Израилди жок кылуу же жеңүү аракеттери байкалса, Уганда жаңжалга Израил тарапта аралашууга даяр экенин кошумчалады.

Кайнеругабанын айтымында, Израил жардам сураса, угандалык аскерлер колдоо көрсөтүүгө даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан