Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин дарегине АКШ лидери Дональд Трамптан кат келип түшкөнүн мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.
Катта америкалык лидер Өзбекстандын президентинин "Тынчтык кеңешинин" инаугурациялык жыйынына катышуусун жогору баалап, Өзбекстанга чакырганы үчүн ыраазычылык билдирген.
Өз кезегинде Трамп Мирзиёевди кеңештин кийинки жыйынына, ошондой эле декабрь айында Майами шаарында өтө турган G20 саммитине чакырды.
Эскерте кетсек, "Тынчтык кеңешинин" биринчи жыйыны ушул жылдын 19-февралында Вашингтондо өтүп, Газа секторун калыбына келтирүү жана гуманитардык жардам көрсөтүү маселелерине арналган. Саммитке Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан жана Казакстан гана чакырылган. "Тынчтык кеңеши" Дональд Трамптын демилгеси менен түзүлгөн.