АКШ Украинага дрондорду жана башкаруу станцияларын сатып алууга 32 миллион доллар бөлгөнү кабарланды. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти маалымдаганын Орусиянын РИА Новости басылмасы жазды.
Андагы маалыматка ылайык, 2026-жылдын 19-февралында украиналык Stream Techno компаниясы менен келишим түзүлгөн. Келишимдеги сатып алуулардын жалпы сумма 32 миллион долларды түзгөн.
АКШ бийлиги курал сатып алуу үчүн тендер өткөрүүдөн баш тарткан. Мындай чечим өзгөчө шашылыш муктаждык менен түшүндүрүлгөн. Жабдууларды жеткирүү ушул жылдын 20-апрелине чейин аякташы керектиги маалымдалган.