АКШнын Каржы министрлиги өлкөнүн президенти Дональд Трамптын колун доллар банкнотторуна жайгаштыруу планын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, бул демилге өлкө 4-июлда белгилей турган АКШнын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгына даярдык көрүүнүн бир бөлүгү катары каралууда. Каржы министри Скотт Бессенттин колу да жаңы банкноттордо пайда болот.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары Трамптын аты АКШнын Тынчтык институтунан Кеннеди Холлго чейинки бир катар маданий жана коомдук жайларда пайда болгон. Ошондой эле, президенттин сүрөтү түшүрүлгөн 24 караттык алтын тыйындын үстүндө иштер жүрүп жатат, анын дизайны жакында эле Федералдык искусство комиссиясы тарабынан бекитилген.