АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын энергетикалык объекттерине сокку урууну токтотууну дагы 10 күнгө узартууну чечкенин билдирди. Максаты - Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү экенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, ал Ирандын өтүнүчү боюнча электр станцияларына сокку урууну 6-апрелге чейин токтотконун айтты.
Мурда Трамп Ормуз кысыгын 48 саат ичинде ачпаса, Ирандын электр станцияларын жок кыларын эскерткен. Иран болсо бул каналды толугу менен жаабарын билдирген. АКШ Иранга 15 шарт сунуштаган, бирок Тегеран аларды четке кагып, өз планы менен чыккан.