Биз социалдык тармакта

Индонезияда күчү 5,7 баллга жеткен жер титирөө катталды

Индонезиянын Папуа провинциясында күчү 5,7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу АКШнын Геология кызматына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Сейсмологдордун маалыматына ылайык, жердин силкинүүсү 27-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:51де катталган. Ал эми жер титирөөнүн очогу Жаяпура шаарынан 165 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жер алдындагы силкинүүлөрдүн очогу 54 чакырым тереңдикке чейин жеткени айтылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар же кыйроолор тууралуу азырынча маалымат түшө элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан