Биз социалдык тармакта

Ормуз кысыгынын жабылышынан улам Индияда бензин тартыштыгы курч болууда (видео) 

Ормуз кысыгы жабылгандан кийин күйүүчү май импортуна көз каранды өлкөлөрдүн бири - Индия олуттуу кыйынчылыктарга туш болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, кырдаалдын видеолорун жарыялашты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө Жакынкы Чыгыштагы кырдаал күйүүчү май тартыштыгын күчөтүп жатат. Бул жагдай калк арасында тынчсызданууну жаратып, май куюучу жайларда узун кезектердин пайда болушуна алып келүүдө.

Интернет айдыңында жарыяланган видеолордон май куюучу жайлардагы узун кезекти жана жарандар арасындагы чыр-чатактарды көрүүгө болот. Айрым аймактарда кезектердин узундугу 500 метрден ашып кеткени айтылды.

Эксперттер мындай кырдаал улана берсе, коомдогу чыңалуу дагы да күчөшү мүмкүн экенин белгилешкен. Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү абалды турукташтыруу үчүн чаралар көрүлүп жатканын кабарлашкан.

Индия
Индия
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан