Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш телефон аркылуу сүйлөштү.
Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, сүйлөшүүдө тараптар Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты.
Ирандын тышкы иштер министри башкы катчыга Ормуз кысыгындагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берип, Тегеран бул суу жолунда “коопсуздукту камсыздоо боюнча өзүнүн жоопкерчилигине таянып” керектүү чараларды көргөнүн билдирди.
Антониу Гутерриш өз кезегинде өлкөлөрдүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоонун маанилүүлүгү боюнча принципиалдуу позициясын баса белгиледи. Ал ошондой эле аймактагы согуштун жана кан төгүүнүн уланып жатканына олуттуу тынчсыздануусун билдирди.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга кол салып, буга жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урууда. Жаңжалдын алгачкы жумасында аба соккусунан Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болгон. Ушул күндөргө чейин уланган чабуулдардын кесепетинен миңдеген имараттар талкаланып, жүздөгөн адамдар каза болду.