Америкалык чуулгандуу финансист Жеффри Эпштейндин курмандыктары АКШнын Юстиция министрлигине жана Google компаниясына каршы сотко кайрылышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Жабырлануучулардын айтымында, Эпштейнге байланыштуу жарыяланган документтерде жеке маалыматтар мыйзамсыз таратылган жана купуялуулук сакталган эмес.
Арызда көрсөтүлгөндөй, АКШнын Юстиция министрлиги тез жана кеңири жарыялоону жеке жашоо купуялуулугун сактоодон артык көргөн. Кийинчерээк жеке маалыматтар өчүрүлгөнүнө карабастан, Google жана башка онлайн-платформалар аны таратууну улантышкан.
Жабырлануучулар министрликтен ар бир адамга кеминде 1000 доллардык компенсация төлөп берүүнү, Google компаниясына айып пул салууну талап кылышууда.
Маалымат үчүн:
2019-жылы америкалык финансист Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.
Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.
Ал эми АКШнын Юстиция министрлиги Эпштейндин ишине байланыштуу документтерди ачык жарыялаган. Анда бир катар дүйнөлүк жылдыздардын, ишкерлердин жана саясатчылардын аттары аталган. Алардын арасында казакстандык саясатчылар дагы бар эле.