Биз социалдык тармакта

Түркия: Кара деңиздеги кемеге кол салуу эл аралык мыйзамдарга каршы келет

Түркиянын Кара деңизинде "ALTURA" компаниясына таандык мунай ташыган кемеге жасалган чабуул эл аралык мыйзамдарга каршы келет. Мындай пикирин Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Онджу Кечели билдирген.

"Кара деңиздеги биздин өзгөчө экономикалык аймактын чегинде болгон кырсык эл аралык мыйзамдарга каршы келет. Мындай кол салуулар аймактагы адамдардын өмүрүнө, мүлкүнө, кеме жүрүүсүнө жана экологиялык коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратат",- деген ал.

Белгилей кетсек, кечээ 26-мартта Түркиянын мунай ташыган кемесине белгисиз учкучсуз учуучу аппараттар менен чабуул жасалып, күчтүү жарылуу болгону кабарланган. Танкерде 140 миң тонна мунай бар экенинин чет элдик басылмалар жазышкан болчу.

Ал эми кемедеги 27 түркиялык экипаж мүчөсү жаракат алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан