Биз социалдык тармакта

Иранда турак үйгө жасалган соккудан алты жай тургун каза тапты 

Ирандын Кум шаарындагы турак жайга жасалган АКШ менен Изриалдин аба соккусунан кеминде алты жай тургун каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Ирандын Tasnim агенттигине таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалытка ылайык, сокку аталган шаардагы турак үйгө жасалган. Учурда жаракат алгандардын саны такталууда.

"Кум шаарындагы турак жайга жасалган чабуулдан кеминде алты адам каза болду. Бул аймакка жасалган соккудан үч турак жай жабыркады",- деп билдирген калаа бийлиги.

Белгилей кетсек, 28-февралдан баштап АКШ жана Израил Ирандагы объекттерге, анын ичинде Тегеранга, сокку урууда. Иран бийлиги жооп кылып, Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларына чабуул жасап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан