АКШнын Гавайи штатындагы Кауаи аралында экскурсия үчүн колдонулган тик учак кырсыктап, 3 адам каза тапты. Бул тууралуу АКШнын Hawaii News Now басылмасына таянуу менен чет элдик каражаттар жазышты.
Маалыматка ылайык, тик учакта учкуч жана төрт жүргүнчү болгон. Кырсыктаган тик учак аралдагы сууга кулап түшкөн.
Ал эми жергиликтүү куткаруучулар кырсыкка кабылгандарды суудан чыгарып, дароо ооруканага жөнөтүшкөн. Учурда кырсыктын себеби такталууда.